• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмне үчүн президенттик шайлоого соттолуучу катары сот алдына келген адамдар талапкер боло алышпайт?

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бүгүнкү күнү КР президенттигине талапкерлигин сот алдына соттолуучу катары келген адамдардын талапкерлигин коюушу чоң кызыгуу жаратууда. Бул Өмүрбек Текебаев жана СадырЖапаровго тиешелүү.

Бул саясатчылардын тарапташтары коомчулукту саясатчы- талапкер соттолбогондон кийин шайлоого катышууга укуктуу деп ынандырышууда. Бирок, бул маселе мынчалык оңой эмес, балким, талапкерлигин көрсөтүп жаткан соттолуучулардын тарапташтары жаңылышууда же коомду адаштырып жатышат.

Бардык шайлоо процесси “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

Бул мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгү боюнча сот тарабынан жооптуу болууга жөндөмсүз катары табылган же эркинен ажыратылган жарандардын шайлоого жана шайланууга укугу жок. Ушул жерден учурда президенттикке талапкерлигин коюп жаткан сотттолуучулар кармалып турган тергөө абагы эркинен ажыратуу жайы болуп саналабы деген суроо пайда болот. Эгерде тергөө абагы эркинен ажыратуу жайы катары таанылса, андагы адамдар (шектүү, айыпталуучу жана соттолуучу) шайлоого же шайланууга укуктуубу?

Бул кыйла кыйкымчыл суроо.

“Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын тγрлөрγнγн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө” КР мыйзамында эркинен ажыратуу жайларына аныктама берилип, ага убактылуу кармоо жайлары жана тергөө абактары киргизилген. Ошентип, бул мыйзамга таянсак, анда тергөө абагы эркинен ажыратуу жайы болуп саналат.

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 14 жана 33-беренелеринде шектүү, айыпталуучу катары камакта турган жана активдүү шайлоо укугуна ээ адамдар тууралуу эске алынарын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бирок бул тизмеге соттолуучулар киргизилген эмес. Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, иши сотто каралып жаткан айыпталуучу соттолуучу аталып, өкүм чыгарылган соттолуучу – соттолгон адам болот.

Бул жерден шайлоо укугу активдүүгө бөлүнөрүн, бул шайлоого укуктуу экенин, пассивдүү – шайланууга укук берерин белгилеп кетүү зарыл.

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга таянсак, сот тарабынан жооптуу болууга жөндөмсүз катары таанылган же эркинен ажыратуу жайларында кармалган жарандардын шайлоого укугу жок.

Бул бардык жарандардын: шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын, соттолуучулардын, соттолгондордун, эркинен ажыратылгандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укугу бар жогун аныктоого шарт түзөт.

Бирок мында бир жагдай бар.

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 14 жана 33-беренелеринин жоболору менен камакта шектүү жана айыпталуучу катары турган жарандардын, соттолуучу жана соттолгондор көрсөтүлбөстөн, активдүү шайлоо укугу бар экени белгиленген. Тактап айтканда, соттолуучу жана соттолгондор шайлоого жана шайланууга укугу жок.

КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык, мыйзамдын тексттин көрсөткөндө, алды менен жалпы, андан соң, конкреттүү жоболор берилет. Буга байланыштуу, мындай шартта эркинен ажыратылгандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарынын болушу жалпы эреже, ал эми камактагы шектүү жана айыпталуучулардын активдүү шайлоо укугунун болушу жалпы эрежеден тышкары болуп саналат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу эркинен ажыратылгандарда активдүү же пассивдүү шайлоо укугунун болушу төмөнкүдөй болот:

Шектүү жана айыпталуучулар активдүү шайлоо укугуна гана ээ;

Соттолуучулар жана соттолгондор активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарына ээ эмес.

Жөнөкөйлөтүп айтканда, соттолуучу Өмүрбек Текебаев же Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер катары катыша алышпайт. Себеби, алар учурда соттолуучу болуп саналышат.

Пикир

Оставить комментарий