Энергетика министри Эр-Рияд шаарында өткөн инвестициялык форумга катышты

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Араб Падышалыгынын Эр-Рияд шаарында "Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия" форматындагы инвестициялык форумга катышты.

Ибраев сөз сүйлөп, Кыргызстан Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бул форматын активдүү колдой тургандыгын белгилеп, Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуду.

"Кыргыз стандын бардык суу агымдарынын жалпы техникалык потенциалы 142,5 млрд кВт саатка бааланат. Учурда бул мүмкүнчүлүктөрдүн 13%ы гана өздөштүрүлгөн.

Биз ар бир инвестор үчүн фискалдык жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүүгө, аларга кепилдиктерди берүүгө даярбыз. Тактап айтканда, биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча КР министрлер кабинети инвесторду салык төлөөдөн жеңилдетүүгө даяр", - деди министр.

Ибраев Кыргызстанда энергетикалык ресурстардын эбегейсиз кору жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалы бар экенин, негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык энергия болуп саналарын белгиледи.

"Урматтуу форумдун катышуучулары! 10-11-июнда Вена шаарында энергетикалык-инвестициялык форум өтөт. Ал форумдан Кыргызстандын кылым долбоору Камбар-Ата-1 ГЭСи, келечектүү ири долбоорлору, КРнын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот. Сиздерди форумда күтөбүз, биз ар дайым кызматташууга даярбыз", – деди Ибраев.

Мындан тышкары, энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Арабияга болгон иш сапарынын алкагында Masdar компаниясынын Өнүктүрүү жана инвестиция боюнча менеджери Диас Камалиев жана аналитиги Абдалла Аль Марзуки менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында министр Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча кенен айтып берди. Ошондой эле тараптар Ысык-Көл облусунда фотоэлектр станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, электр энергиясын сатып алуу кепилдигин берүү, 200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо маселесин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында энергетика министри Ибраев Masdar компаниясынын өкүлдөрүн 10-11-июнда Австриянын Вена шаарында өткөрүлүүчү энергетикалык форумга чакырды.

Эске салсак, 2024-жылдын февралында Masdar компаниясынын өкүлдөрү министрликтин кызматкерлери менен биргеликте күн электр станциясын куруу үчүн сунушталып жаткан жердин инфраструктурасы менен таанышуу максатында Ысык-Көл облусуна барышкан. Бул иш-чаралардын жыйынтыгы менен кыргыз тарапка тарифтик сунуш даярдоо чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий