• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ажылык–2024: Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 миң 60 квота бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Сауд Аравиясы 2024-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 6 миң 60 орун бөлдү.

Муфтияттан кабарлашкандай, мындай чечим ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукуновдун Сауд Аравия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Тараптар 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу, жаңы талаптар, мыйзамдар жана эрежелер боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий