• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык жаш боксчу Амантур Жумаев Азия чемпионатында алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-16) алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спортчу 52 кг чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытайдын мушкерин жеңсе, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште япониянын мушкерин жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык мушкерден күчтүүлүк кылып, биринчиликти багындырды.

Пикир

Оставить комментарий