• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Евразия борбордук банктарынын кеңешинин 49-отуруму өттү

Экономика 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. 1-2-ноябрда Бишкекте Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин 49-отуруму өттү. Бул тууралуу КР Улуттук банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылуучу банктык жана банк эмес секторлорду көзөмөлдөө маселелери каралып, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, улуттук төлөм системаларын өнүктүрүү, борбордук банктын транспаренттүүлүгүнө жетишүү чаралары талкууланды.

Ошондой эле борбордук банктардын персоналын кесиптик окутуу, акча белгилерин чыгаруу, нумизматика рыногун өнүктүрүү, эстелик жана коллекциялык монеталарды чыгаруу, жасалма акча жасоого каршы аракеттерди көрүү, борбордук банктарда аудитордук ишкердик, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча профилдик координациялык жана консультациялык кеңештердин иши тууралуу маалымат берилди.

Маалымат үчүн: Евразия борбордук банктарынын кеңеши – бул интеграциялык бирикме, анын максаты катары финансы-банк чөйрөсүндө интеграцияны тереңдетүү, улуттук валюталык-финансылык жана банктык системаларды өнүктүрүү маселелери боюнча тараптардын иш-аракеттерин координациялоо, көп тараптуу жана эки тараптуу төлөм-эсептешүү мамилелерин өркүндөтүү жана башка маселелер саналат.

Кеңештин мүчөлөрү болуп Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын борбордук (улуттук) банктары саналат. Мамлекеттер аралык банк Кеңештин катчылыгынын функцияларын аткарат.

Пикир

Оставить комментарий