• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

А.Алимбеков: «Центерра Голддун» кошумча эмиссиялары «Кыргызалтынга» дагы 20 жыл дивиденд алууга жол ачат»

Экономика 0

Бир аз мурда маалымат каражаттарында «Кыргызалтын» ААКнын «Центерра Голд Инк.» компаниясындагы үлүшү ɵзгɵргɵнү боюнча маалыматтар берилди. (мындан ары – «Центерра»). Ушуга байланыштуу «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын тɵрагасы Алмаз Алимбеков тɵмɵнкүдɵй түшүндүрмɵ берди:

- 2016-жылы «Центерра Голд Инк.» компаниясы тарабынан түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. (мындан ары - ТКМ) тоо кен компаниясын сатып алуу боюнча келишим аягына чыкты. Бул келишимди каржылоо кошумча эмиссиялар аркылуу ишке ашырылды. Келишимдин баасы 1,1 млрд. АКШ долларын түздү.

Аталган келишимдин алкагында «Центерранын» кошумча 26,6 млн. акциясы чыгарылып, рынокко сатыкка коюлду (141,1 млн. АКШ доллары тартылды). Мындан сырткары, кошумча 22,3 млн. акция ТКМдин акцияларына алмаштырылды. Мында «Кыргызалтын» ААКсына тиешелүү акциялардын (77 401 766 акция) саны ɵзгɵргɵн жок, бирок кошумча эмиссияны чыгаруу «Кыргызалтын» ААКнын «Центеррадагы» үлүшүн 32,1 %дан 26,6 %га азайуусуна алып келди (айрым ЖМКларда айтылгандай 6 %га эмес). Ошону менен бирге пропорционалдуу түрдɵ башка бардык акционерлердин үлүштɵрү да азайды.

Келишим эл аралык мыйзамдардын талаптарына ылайык ишке ашырылып, «Центтеранын» Директорлор кеңешинин бардык мүчɵлɵрү тарабынан жактырылган (маалым болгондой курамында 11 мүчɵ бар, алардын үчɵɵсү «Кыргызалтын» ААКнын ɵкүлдɵрү).

Келишим «Кыргызалтын» ААКсына биринчиден, ɵздɵрүнɵ тиешелүү дивиденддердин ɵлчɵмүн 1,5 эсеге кɵбɵйтүүгɵ, экинчиден, дагы кеминде 20 жыл бою дивиденд алып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Thompson Creek Metals Inc. (ТКМ) аракеттеги компания болуп саналат, анын активинде алтын, жез, молибден ɵндүргɵн кендер бар. ТКМнын негизги активи болуп Канаданын Британиялык Колумбия провинциясындагы Маунт-Миллигэн жез-алтын кени эсептелет. Бул Канададагы эң ири, кирешелүү тоо-кен долбоорлордун бири. Андагы алтындын кору -177 тонна, жез – 991 миң тонна. Рудникти иштетүүнүн мɵɵнɵтү 2017-жылдан баштап айтканда 20 жылды түзɵт. ТКМди сатып алуу менен Центерранын алтын ɵндүрүүсү кескин жогорулайт. Маунт Миллигэнден алтын ɵндүрүүнүн ɵздүк наркы тɵмɵн болорун эске алганда, бул Центтеранын кирешесин эки эсеге кɵбɵйтүүгɵ мүмкүндүк берет.

Ɵз кезегинде «Кыргызалтын» ААКнын дивиденддеринин эсебинен кирешеси кɵбɵйсɵ, ишкананын республикалык бюджетке которчу чегерүүлɵрүнүн ɵлчɵмү да кɵбɵйɵт.

Эч кимге жашыруун эмес, Кумтɵр кенин иштетүүнүн мɵɵнɵтү чектелүү. Бирок «Кыргызалтын» ААКсы «Центерранын» акционери катары Кумтɵр жабылган учурда да «Центерранын» КРдан тышкары жердеги долбоорлорунун эсебинен дивиденддерди ала берет. Ошондуктан Кыргызстандын узак мɵɵнɵттүү кызыкчылыктарын эске алып караганда, «Центерранын» Маунт Миллигэнди сатып алуусу экономикалык жактан максатка ылайыктуу, ɵзүн актай турган келишим болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий