• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Венгриянын ОТП банкына Кыргызстандын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Будапешт шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын OTП банктын вице-президенти Андраш Бечей менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 24-июлда Кулубаевдин Венгрияга расмий сапарынын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, анын багыттарынын бири банк тармагындагы кызматташуу болуп саналат.

Тышкы иштер министри Кулубаев Кыргызстандагы банк системасынын абалы, анын артыкчылыктары жана өнүгүү потенциалы тууралуу кыскача маалымат берди. Тышкы саясий ведомствонун башчысы Венгриядагы эң ири банкка Кыргызстандын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Мындан тышкары, министр Кулубаев корреспонденттик банктык мамилелерди түзүү жана колдоо маселелерине токтолуп, бул багытта өз ара аракеттенүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

Өз кезегинде, OTП банктын вице-президенти Бечей банктын Венгриядагы жана анын филиалдары жайгашкан башка өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Венгриялык банктын жетекчилиги кызматташууну орнотууга, мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө жана тиешелүү диалогду улантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ОТП банктын өкүлдөрүн Кыргызстан менен Венгриянын банк секторунда кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттарын кеңири талкуулоо үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий