“Агроөнөржай комплексин насыялоо” долбоору боюнча 6,8 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. “Агроөнөржай комплексин насыялоо” долбоору боюнча 6,8 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фермерлерди жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылуу максатында “Агроөнөржай комплексин насыялоо” долбоору улантылууда жана 2023-жылга 6,8 млрд сом каралган, бүгүнкү күнгө карата 6,8 млрд сом бөлүндү же 100% аткарылды.

Ошондой эле айыл чарбасын каржылоонун жалпы суммасы 3,1 млрд сомго жетти.

Пикир

Оставить комментарий