• 87.86
  • 93.94
  • 1

КР ТИМ башчысы Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Будапешт шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ласло Парагг менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 24-июлда Жээнбек Кулубаевдин Венгрияга расмий сапарынын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министр жана палатанын башчысы 2023-жылдын 13-14-февралында Будапештте Кыргыз стандын президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын алкагында өткөн кыргыз-венгер бизнес-форумунун, Кыргызстан жана Венгриянын Соода-өнөр жай палаталарынын деңгээлиндеги Кыргыз-Венгер ишкерлер кеңешинин 3-отурумунун жыйынтыктарына оң баа беришти.

Өткөн бизнес-форумдун жана ишкерлер кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган бир катар келишимдер боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын канааттануу менен белгилешти – эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштар түзүлүп, венгриялык компаниялардын Кыргызстанга иш сапарлары уюштурулуп, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлор белгиленген.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ишкер чөйрөлөрүнүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, фармацевтика, гидроэнергетика, туризм жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү тармактарына жаңы технологияларды киргизүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүсүн мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Ушуга байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ласло Парагг Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн талкуулап, Өнүктүрүү фондунун алкагында натыйжалуу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кулубаев Кыргызстандын экспорттук потенциалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле туристтик потенциалы тууралуу кыскача маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий