• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Россиянын Клиникалык офтальмологиялык ооруканасынын өкүлчүлүгүн ачуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов жана Марлен Маматалиев Россиянын Омск шаарына иш сапары менен барды.

Парламенттен билдиришкендей, иш сапарынын алкагында депутаттар Клиникалык офтальмологиялык ооруканада болуп, анда оорукананын директору Александр Выходцев жана Омск облусунун саламаттык сактоо министринин орун басары Дмитрий Рябиков менен жолугушту.

Жолугушууга саламаттык сактоо жаатындагы алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча сөз болду.

Өз кезегинде, Клиникалык офтальмологиялык оорукананын директору Александр Выходцев мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргызстанда ооруканын өкүлчүлүгүн ачууга даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий