• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Энергетика министри "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорунун донорлору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Кыргызстанга "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясы иш сапары менен келди.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Координациялык комитет июнь айында Вена шаарында өткөн энергетикалык инвестициялык эл аралык форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү жана таза энергетикалык долбоорлорго инвестиция тартуу максатында түзүлгөн.

Долбоорду даярдоонун жүрүшү менен таанышуу үчүн комитеттин делегациясы Камбар-Ата-1 ГЭС объектисине барды. Мындан аркы биргелешкен кадамдарды талкуулоо үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраев бир катар жолугушууларды өткөрдү.

“Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясына Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин, Европа инвестициялык банкынын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү кирген. Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын жана ОПЕК фондунун өкүлдөрү негизги жолугушууларга аралыктан катышты.

Белгиленгендей, биргелешкен миссия Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү кадам болду.

Пикир

Оставить комментарий