• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Министр Кудайберген Базарбаев “Нур Булак” балдар үйүнө президенттин белектерин тапшырды

Коом 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарындын Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан үй-бүлөлүк тибиндеги “Нур Булак” балдар үйүнө барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Базарбаев интернаттагы мамлекеттик камкордукка алынган балдардын тамак-ашына чыгымдардын акчалай нормасын 110 сомдон 220 сомго чейин жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгынын аткарылышын текшерди.

“Норманын өсүүсү күн сайын балдарга жашылча-жемиштерди, ширелерди жана кондитердик азыктарды берүүгө мүмкүндүк берет. Бул балдардын өсүп жаткан организмдери үчүн абдан маанилүү. Баалардын жогорулашына карабастан, 2014-жылдан бери интернаттарда тамактанууну каржылоо көбөйгөн эмес”, - дейт ал.

Министр президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларга жылуу кийимдерди, окуу куралдарын жана оюнчуктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, “Нур Булак” балдар үйү 2018-жылдан бери иштеп келе жатат жана 3 жаштан 18 жашка чейинки 20 балага ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий