• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ички аскерлердин аскер кызматчысы Мурад Жакишевдин элесине арналган кичи футбол боюнча турнир өттү

Коом 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. КР ИИМдин Ички аскерлеринде Ички аскерлердин Колбашчылыгынын жана Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн курама командаларынын арасында Ички аскерлердин аскер кызматчысы, майор Мурад Жакишевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирди ачуу аземине ИИМ Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары Марат Нуралиев, Ички аскерлердин аскер кызматчылары М. Жакишевдин жакындары жана ардагерлер катышты.

Колбашчынын орун басары Нуралиев катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, ден соолук, жемиштүү жеңиш жана ийгилик каалап кетти.

Турнирдин жыйынтыгы менен “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу”,“Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты гол” номинацияларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн командалардын арасынан мыкты оюнчулар тандалып алынды.

Командалык оюнда биринчиликти 705 аскер бөлүгүнүн курама командасы багындырса, экинчи орунга 702 аскер бөлүгүнүн жана үчүнчү орунга Ички аскерлердин Колбашчылыгынын курама командалары ээ болушту.

Турнирдин аягында жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий