• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Энергетика министри Ошто электр ишканаларынын кышка даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош электр тармактар ишканасынын "Энергосбыт", Ош, Сулайман-Тоо, Алай, Чоң-Алай, Ноокат, Араван, Кара-Суу РЭТнин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы менен таанышып, керектелүүчү материалдардын жана техниканын жеткиликтүүлүгүн текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, ошондой эле министр 2022-жылдын 25-ноябрында өткөрүлгөн I-элдик Курултайында каралган маселелер аткарылып жаткандыгы боюнча кабар алды.

Мындан тышкары, ал ар бир РЭТке өзүнчө токтолуп, жетекчилерге күз-кыш мезгилинен кыйынчылыксыз өтүү жана кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Ибраев электр энергиясын сатуу бөлүмдөрүнө "Мой свет" тиркемесин тезинен ишке киргизип, элдерге жеткирүү боюнча иш алып барууну, "Акылдуу" электр эсептегичтерди жана атайын изоляцияланган (СИП) өткөргүчтөрдү мөөнөтүнөн кечиктирбей орнотуу боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий