• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Энергетика министри Ысык-Ата РЭТинин жаңы имаратынын курулушун текшерди

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Ивановка айылындагы Ысык-Ата райондук электр тармактарынын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, Чүй ЭТИнин директору Данияр Шабданов, Ысык-Ата районунун акими Эрмекбай Омошев, Ысык-Ата райондук электр тармактарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ысык-Ата райондук электр тармактарынын эски имараты 1979-жылы курулуп, өтө эски абалга келген. Үстүбүздөгү жылы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан өздүк каражатка райондук электр тармактарынын жаңы имарат курууну пландаган. Курулуш иштери июнь айында башталып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүткөрүү пландалууда.

Жаңы райондук электр тармактарынын ишке кириши менен Ысык-Ата районунун 13 миң 800 абонентин тейлөө жакшырып, аталган райондук электр тармактарынын кызматкерлери үчүн жакшы шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий