• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

FAS Energy Кыргызстандагы мамлекеттик имараттардын чатырына күн панелдерин орнотот

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Сауд Арабиянын FAS Energy компаниясынын башкы директору Турки Альхокайрдын жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусу, Кыргызстандын энергетикалык потенциялы, долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, заманбап технологиялырды колдонууда тажрыйба алмашуу боюнча талкуу жүргүзүштү.

Мындан тышкары, Энергетика министри менен FAS Energy компаниясынын башкы директору мындан аркы кызматташууну тереңдетүү максатында меморандумуна кол коюшту.

Аталган меморандумдун негизги максаты үйлөрдүн, мамлекеттик ишканалар жайгашкан имараттардын чатырларына күн панелдерин орнотууга багытталган.

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов, FAS Energy компаниясынын башкы директору Турки Альхокайр жана эки тараптын тийиштүү кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий