• 87
  • 90.41
  • 0.84

Энергетика министрлиги италиялык компания менен кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Энергетика министрлиги менен италиялык Todini Costruzioni Generali S.P.A компаниясынын ортосунда энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Todini Costruzioni Generali S.P.A компаниясынын башкы директору Джан Марко Мартини кол коюшту.

Меморандумдун максаты – КР Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен кызматташуунун форматын талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга багыттылган. Ошол эле учурда италиялык тарап үчүн алгылыктуулардын бири концессия экени баса белгиленди.

Эки тараптуу жолугушууга министр Ибраев, энергетика миинистринин орун басары Н. Садыков, Todini Costruzioni Generali S.P.A компаниясынын башкы директору Джан Марко, башкармалыктын төрагасы Жузеппе Мартини, юридикалык консультанты Даниеле Манка Битти кеңешчиси Мауро Мурджиа жана тийиштүү кызматкерлер катышты.

Маалымат үчүн: Италиялык Todini Costruzioni Generali S.P.A компаниясы 1987-жылдын 30-сентябрында негизделип, 1996-жылдын 19-февралында Рим Соода-өнөр жай палатасында катталган.

Пикир

Оставить комментарий