• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунда быйыл үлүштүк гранттардын эсебинен 43 долбоор ишке ашырылат

Экономика 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Нарын облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 117,4 млн сом суммасында 43 долбоор бекитилди, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

• Кочкор району 11 объектиге 32,5 млн сом;
• Нарын районунун 7объектисине 16,3 млн сом;
• Ат-Башы району 10 объектиге 25,2 млн сом;
• Ак-Тала району 10 объектисине 30,1 млн сом;
• Нарын шаары 5 объектисине 13,3 млн сом;

Жалпы:
• 9 мектепке — 24,1 млн сом;
• 9 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 28,1 млн сом;
• 9 спорттук курулуштар — 24,4 млн сом;
• 8 маданий маанидеги объектилерге — 20,0 млн сом;
• 8 бала бакчаларга — 20,8 млн сом.


Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаты.

Пикир

Оставить комментарий