Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
Ведомство электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет.
Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору:
- Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу;
- Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу;
- Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына көңүл бөлүү;
- Сыналгы, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп туруу;
- Чаң соргучту тез-тезден тазалап туруу;
Министрлик ушундай эң жөнөкөй жолдорду аткаруу менен үй-бүлөлүк чыгымдарды азайтууга болорун эске салат.
Пикир
Оставить комментарий