• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаан, кар жаашы күтүлөт. ӨКМ жарандарды алыскы жолго чыгуудан карманууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан 6-февралына чейин өлкө аймагында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113-чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМден белгилешкендей, жарандарга бул күндөрү алыскы жолго чыгуу, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдыруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий