• 87
  • 90.41
  • 0.84

Енисей кыргыздарын изилдөөчү тарыхчы. М.Кожобеков - 60та!

Аналитика 0

Ушул тапта көрүнүктүү чыгыштаануучу Өмүркул Караевдин шакирти болгон, көрүнүктүү окумуштуунун ишин уланткан белгилүү тарыхчы Кожобеков Муратбек Чалаке уулунун 60 жыл юбилейлик мааракесин кыргыз тарых илим чөйрөсү, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү илим адамдары, кыргыз тарыхын үңүлө окуп, ага кайдыгер карабаган окурмандар тарабынан белгиленип жатат. Ириде, алтымыш жаштын кырына келип, артты көздөй кылчая караганда бул бийиктикке чейинки басып өткөн жол даана көрүнөт эмеспи.

Ооба, кадырлуу Мукебиз орто мектепти аяктаган соң, милдет болгон аскердик кызматты өтөп, илимдин уясы жана чыныгы устаканасы болгон ал учурдагы Кыргызстандагы жалгыз университеттин тарых факультетине келип кирген. Өз учурунда билим берип окуткан профессор агайлар жана эжелерибиздин оозунан Мукенин илимге болгон астейдил кызыкчылыгы студенттик аудиториядан эле башталгандыгын кулагым чалганы бар. Кыязы, илимге жакын болуп калуунун дагы бир, ата-бабаларынын өз учурунун билимдүү жана мээнеткеч, телегейи тегиз инсандарынан болушу да түрткү берүүсү ыктымал. Европа калктарында, анын ичинде орус тилинде да “генетика эч качан жаңылбайт” деген философиялык сөздүн терең мааниси бар экендиги талашсыз. СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү бүтүргөн М.Ч.Кожобековду, келечектен үмүттөндүргөн жаш адисти, кафедранын мугалими катары тарых факультетине алып калышат. Көрүнүктүү чыгыштаануучу Ө.Караевдин эмгектерин тереңдете окуп, аттын кашкасындай таанымал окумуштуунун кыргыздардын келип чыгышы, этномаданий, этносаясий тарыхы боюнча консепцияларына сүңгүп кирет, башка таанымал тарыхчылардын эмгектерин үңүлүп окуйт. Ошол мезгилдердеги, оболу мурдагы СССР заманы, андан кийинки суверендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы “кыргыз” этноними, кыргыздардын алгачкы мекени, миграцялык абалы, локалдашуусу боюнча полемикаларды жараткан макала, монографияларды терең талдап окуган, илим адамдарынын көз караштарына, пикирлерине тарыхчы катары анализ жасаган. Эсил кайран СССР кулаганга чейин эле университетти убактылуу калтырып, биротоло академиялык илим жолун тандады, Кыргыз ССР ИАсынын Кол жазмалар жана аны жарыялоо бөлүмүнө илимий кызматкер болуп кабыл алынды. Бул бөлүмдү ал учурда профессор Өмүркул Караев агай жетектей турган.

Ошентип, Ө.Караев агайдын бөлүмүнө кызматка орношуп, “Енисей кыргыздарынын этносаясий тарыхы” деген теманын үстүндө иликтөөлөрдү жүргүзө баштаган. Өз учурундагы социалдык-экономикалык жагдайдагы оош-кыйыштарга карабастан илимий маселенин үстүндө талыкпастан изилдөөлөрүн жүргүзө берген. Бирок, көп узабастан Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетине Т.К.Чоротегин тарабынан негизделген Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасына чакырылып, дарс окуй баштаган эле. Токтолуп кетчү маселе, профессор Ө.Караев агай да 1995-жылга чейин ушул кафедранын программасы менен студенттерге дарс окуганы маалым.

Кесиптешибиз жана замандашыбыз Муратбек Чалаке уулу аз дегенде 40 жылдан бери кыргыздын этностук-маданий тарыхын, этногенезин талыкпай изилдеп келет. Арийне, байыркы хунну доорундагы, эрте, орто кылымдар доорундагы кыргыздардын тарыхы боюнча маалыматтарды тизмектеп, анализ жасап изилдөөнүн өзү абдан татаал маселе. Бул токтоолукту, узак убакыт созулган кажыбас эмгекти талап кылат. Байыркы кытай (Хань, Чжоу, Түндүк Вэй, Суй, Тан династиялары ж.б.) диалектилериндегы жыл баяндар, араб-фарси графикасындагы жазма булактарды, байыркы кыргыз, түрк эпитафиялык эстеликтериндеги жазууларды сүйлөтүү, аларга комментарийлерди берүү, тарыхый окуяларды жана процесстерди салышытып изилдөө иштери өтө татаал, ары кылдат, аяр мамилелерди талап кыларын илимден кабары бар адамдар билишет. Чындыгында, жөнөкөй окурманга бир аздай көрүнгөн маалыматты жеткирип берүү татаалга турат. М.Кожобеков изилдөөлөрүндө “чү” дегенде эле “Кыргыздардын алгачкы мекени кайда болгон?” – деген суроону койот! Автор ар кыл “жоромолдор этникалык тарыхты тактоого жолтоо болуп жаткандыгын” эскерет. Баса, илимпоздун проблеманын төркүнүн изилдөөлөрүндө кытай булактарында (жыл баяндары) чагылдырылган байыркы түрк санжыраларын кылдат колдонгондугун белгилөө зарыл.

Енисей кыргыздары менен теңир тоолук кыргыздардын этностук жана маданий жалпылыгына байланышкан маселелер кыргыз тарыхында, этнографиясында, тил илиминде, археология илиминде бир кыйла чиеленген, олуттуу маселелерден. Кыргыздардын келип чыгышы, Енисейдеги мамлекеттүүлүгү, кыргыздардын негизги бөлүгүнүн Теңир-Тоого жана ага чектешкен аймактарга миграциясы илим чөйрөсүндө талаш-тартыштарды жаратып келери белгилүү. Кыргыздардын миграциясы, орто кылымдардагы согуштук-саясий окуялардын тийгизген таасири, бул олуттуу маселе боюнча илимпоздордун көз карашына, тыянактарына М.Ч.Кожобеков өз эмгектеринде кайрылып, фактологиялык маалыматтардын негизинде өз пикирин айткан. Бул маселеде Ө.Караев, В.Я.Бутанаев, Ю.С.Худяков, Т.К.Чороев, А.М.Кылычев, О.К.Каратаев ж.б. илимпоздордун илимий негиздүү көз караштарын колдоп чыккан. Алдын-ала белгилеп өтчү маселе, илимпоз кыргыздардын Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактарда эрте, орто кылымдар доорлорунда эле жашаган деген илимий тыянакты тастыктап келет.

Ооба, б.з. V–VI кк. Борбордук Азия жана ага чектеш аймактардагы жаңы калыптанып жаткан этносаясий кырдаалда (Хуннулар ж.б. мамлекеттер кулаган доор) жаңы мамлекеттик түзүлүштөр пайда болуп, калктардын миграциясы күч алган. Бул түзүлгөн шарттарда жаңы этностук бирикмелер (тукю-түрктөр, гаогюй-телелер, кыпчактар ж.б.) калыптана баштаган. Бул процесстен кыргыздар да четте калган эмес. Кошуна Кытайдын картасында да узакка созулган бытырандылык, аёосуз кризистен кийин жаңы борборлошкон мамлекеттердин түзүлүү белгилери пайда болгон. М.Ч.Кожобеков адегенде эле Ю.С.Худяковдун кыргыздарды азыркы Чыгыш Түркстандан Түштүк Сибирдин жана ага чектешкан аймактарга (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува) хуннулар эмес, жуань-жуандар (аварлар) сүрүп чыгарган деген пикирин колдоп чыккан. Демек, жазма булак маалыматтары көрсөткөн координаттарга карасак, кыргыздар б.з. 1-миң жылдыгынын биринчи жарымына чейин Карашардын түндүгүндө, Манас шаары, Манас суусу, Манас көлү аталган ыйык жердин айланасында жашашкан” – деген.

белгилеген динлиндер теле уруусу болсо, анда жогоруда айтылган кыргыздардын динлиндер менен жуурулушуу процесси, кыргыздардын Карашар шаарынын аймагында теле уруу конфедерациясынын курамында жашаган деген жазма булак көрсөтмөсүнө дал келет. Тарыхый доордун хронологиялык алкагы жана жазма булак маалыматтары кабарлаган дарек да кыргыздардын адегенде Чыгыш Тянь–Шаньда (Чыгыш Теңир-Тоо) жайгашышынан кабар берет. Аталган маалыматтар кыргыздардын прототюрк этногенезине катышышын да айгинелейт. Мурдагы советтик жана ата мекендик тарых илиминде кыргыздардын байыркы тарыхый мекени кайда болгон, Түштүк Сибирь, Монголияны байырлаган кыргыздардын (енисей кыргыздары) Теңир-Тоо кыргыздары менен кандайча этногенетикалык жана этномаданий байланыштары бар деген дискуссия жашап келген. Кыргыздардын байыркы тарыхый мекени Алтай тоолору, кыргыздар XV-XVI кк. эле Алтайдан көчүп келип, айрым жергиликтүү этнокомпоненттер жана монгол этникалык топтору менен аралашып эл катары калыптана баштаган деген илимден алыс көз караштар жашап келди. Ириде, бул пикирди кармангандардын катары мурда эле көп эмес болгон, ушул тапта алардын саны улам азайып бараткандыгы илимге белгилүү. Арийне, бул топтогу көз караштарга татыктуу жооп бергендердин бири – кесиптешибиз жана замандашыбыз Муратбек Кожобеков экендигин билебиз.

1988-жылы Фрунзе шаарында (Бишкек) болуп өткөн V Түркологиялык конференцияда кыргыз этносунун калыптануусунун “кимак-кыргыз” аттуу этабына Ө.Караев, В.Я.Бутанаев, Т.К.Чороев, Ю.С.Худяков, Ю.И.Трифоновдор кескин каршы чыгышканы белгилүү. Илимпоз археолог-кыргызтаануучу Ю.С.Худяковдун кыргыздардын миграциясы боюнча пикирине тактоолорду киргизет “Ю.С.Худяков кыргыздардын Түштүк Сибирге жер которуусун телелер менен жуань-жуандардын VI кылымдагы согушунан кийин болгондугуна басым жасайт. Анткен менен жогоруда айтылган түрк уламыштарынын контексине караганда жана Түштүк Сибирдеги археологиялык страттардын пайда болуш жагдайы көрсөткөндөй, кыргыздар Енисей аймагына түрк ашина уруулары менен бирге V к. орто ченинде көчүп келишкен. Мындай жоромол жасоого түрк уламыштарынын маалыматтары жол берет”. Изилдөөчү М.Ч.Кожобеков кыргыздар эрте орто кылымдар доорунда эле дуалдык системадан, мамлекеттик башкаруунун үчтүк системасына өткөн деп белгилейт. Биздин пикирде, оң, сол жана борбордук деп аталган системаларга бөлүнүү принциби борборлошкон бийлиги бар мамлекеттерде гана болгон. Байыркы хунну, Түрк (Үч ок, Боз ок), Батыш Түрк кагандыгы (Дулу, Нушиби), 2-Чыгыш Түрк кагандыгы (Тардуш, Төлис/Төөлөс) ж.б. дуалдык (экилик) башкаруу системасы болгон. М.Ч.Кожобеков калыс белгилегендей, күчтүү Түрк каганатынын кыйрашы кыргыздардын күч алышына шарт түзгөн. Жаңы калыптанып жаткан геосаясий шарттарда Тан династиясынын (619-907) пайда болушу да Кыргыз каганатынын чыңалышына жагымдуу шартарды түзгөн. Илимпоз Тан Кытайына Кыргыз элинен барып билим алган жаштар тууралу мурдагы жазган эмгектеринде да кайрылып келет. Чындыгында, мамлекеттин керектөөлөрү үчүн билимдүү адамдар зарыл болгон. Бул керектөөлөргө ылайык кыргыздар түрк тилдүү элдердин ичинен эң алгач рун сымал жазуу системасын колдонууга киргизгендиги белгилүү. Түркологдор жана бул жазуу боюнча адистер эчактан бери карай кыргыздар колдонгон жазуу системасы архаикалык мүнөзгө ээ, ал Орхондогу жазууларга караганда эрте колдонулган жана айрым грамматикалык, фонеткалык өзгөчөлүктөргө ээ деп жазышкандары бекер жеринен чыккан эмес.

Олжобай Каратаев.

Профессор, тарых илимдеринин доктору,

атайын "Кабар" агенттиги үчүн

Пикир

Оставить комментарий