Бишкек, 23.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Оштун “EREM” жана Ысык-Көлдүн “Мурас” командалары 22-октябрда Кыргызстандын футзал боюнча Супер кубогунда ат салышып, натыйжада Оштун командасы жеңүүчү аталды.
КР футбол федерациясынан кабарлашкандай, “EREM” командасы 5:2 эсебинде өз атаандашып уткан.
Оюн Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде өткөн.
Эске сала кетсек, EREM” Супер лиганын чемпиону, ал эми “Мурас” КР Кубогунун ээси.
Пикир
Оставить комментарий