• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Эркинов Эфиопия жана Алжирдин элчилеринин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Эфиопиянын Исламабад шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Доктор Жемал Бекер Абдула жана Алжирдин Ташкент шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Мохамед Ирки ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Министрдин орун басары элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында биргелешип иштешүүгө чакырды.

Эфиопия жана Алжир элчилери менен болгон жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерине, саясий диалогдун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын кеңейишине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жашыл экономика, жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана дипломатиялык окуу жайларынын ортосунда жакын байланыштарды орнотуу боюнча тажрыйба алмашуунун мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти.

Жолугушуунун аягында Темирбек Эркинов элчилерге дипломатиялык миссияларында ийгиликтерди каалап, Эфиопия жана Алжир менен кызматташтык жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарына үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий