• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Акматалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы молдовалык Максим Сакултан болуп, Акматалиев аны 14:2 эсебинде утту.

Ал эми чейрек финалда кыргыз спортчусу болгариялык Рамазан Рамазанов менен күч сынашып 11:0 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, жарым финалда Акматалиев япониялык балбан менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Пикир

Оставить комментарий