• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бокс боюнча КР чемпионатынын биринчи күнү аяктады - жыйынтыктар

Спорт 0

Бишкек 16.11.18. / Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан чоңдор арасындагы бокс боюнча Кыргызстандын биринчилигинин алгачкы күнүнүн жыйынтыктарын чыгарышты.

Мелдеш кечээ башталып, биринчи эки күндүктө эркектер жана кыз-келиндер арасында алгачкы беттештер өтүүдө.

Алгачкы беттештерин жеңгендердин тизмеси:

52кг – Сыймык уулу Данияр (Ош), Жеңишбек Белашаров (Чүй облусу);

57кг – Сирожиддин Абдуллаев (Жалал-Абад облусу), Аманбийик уулу Автандил (Чүй облусу), Рамазан Суранчиев (Ысык-Көл облусу), Мунарбек уулу Сейитбек (Ош), Дыйкан уулу Жаныбек (Нарын облусу), Мирбек Шеров (Жалал-Абад облусу), Алманбет Алибеков (Бишкек);

63 кг – Нурлан Кобашев (Чүй облусу), Сабырбек уулу Талантбек (Ош), Темирлан Осмонов (Бишкек), Нурсаид Иминжанов (Талас облусу), Илгиз Матмусаев (Бишкек), Арген уулу Кадырбек (Бишкек);

69 кг – Абдуракман Абдурахманов (Жалал-Абад облусу), Юнус Хандышинов (Чүй облусу), Жигит Бакытов (Баткен облусу), Дмитрий Пучинин (Ысык-Көл облусу), Нурсултан уулу Маматалы (Жалал-Абад облусу), Сыргак уулу Абдыжапар (Бишкек), Данияр уулу Дамирдин (Бишкек);

75 кг – Таалайбек уулу Айтбек (Чүй облусу), Данияр Амалбеков (Ош), Мухаммадюсуф Акбаров (Жалал-Абад облусу), Өмүрбек уулу Бекжигит (Бишкек);

91 килограммдан жогору – Сталбек Карасартов (Бишкек).

Биринчилик 18-ноябрда аяктайт. Эртең жарым финалдык беттештер өтөт.

Пикир

Оставить комментарий