• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык турнир башталды

Спорт 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Шаардык муз аянтында Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болду. Иш-чараны борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ачты.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, Жунушалиев жалпы спортчуларды мелдештин башталышы менен куттуктап, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.

Андан соң «Нарын Хоукс» командасынын оюнчусу Мерадил Мелсов менен «Рига» командасынын оюнчусу Эрнест Ципулис символикалык түрдө биринчи шайбаны ыргытышты.

Турнирдин ачылыш аземине ошондой эле КРнын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Россия Федерациясы, Латвия жана Кыргызстандын командаларынын ортосунда өтмөкчү.

Турнирдин уюштуруучусу – Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КР хоккей федерациясы.

Эл аралык спорттук иш-чара өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий