• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык теннисчи Казакстанда өткөн эл аралык турнирде күмүш медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын абсолюттук чемпиону Владислава Андреевская Казакстандын Караганда шаарында өткөн W15 эл аралык теннис турниринде күмүш медаль багындырды. Бул тууралуу КРнын Теннис федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык теннисчи орусиялык Ксения Ласкутова менен биргеликте беттешке чыккан.

Спортчулар биринчи айлампада орусиялык Мария Михайлова жана Ева Гаргушаны (7:6, 6:7, 10:4), экинчи айлампада казакстандык Татьяна Николенко жана Ingkar Dyussebay (6:2, 2:6, 12:10), ал эми үчүнү айлампада Владислава менен Ксения орусиянын спортчулары Аглай Федеров жана Дарья Зелинскийди (6:4, 6:3) жеңген.

Кыздар биринчи орун үчүн болгон оор беттеште Виктория Михайлова менен Анастасия Поплавскаяга (2:6, 6:3, 5:10) жеңилип калып, экинчи орунду ээлеп, күмүш сыйлыктын ээси болушту.

Пикир

Оставить комментарий