Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Эртең, 2-ноябрда, саат 18:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул майрам – өлкөнүн маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган инсандарга арналат.
Кечеде эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт. Алар жагымдуу ырларды аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат.
Белгилей кетсек, жыл сайын 2-ноябрда Кыргызстандын маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.
Пикир
Оставить комментарий