• 87
  • 90.63
  • 0.79

Эртең Башкортостанда "Күмүш Акбузат" эл аралык фестивалы башталат. Фестивалдын жеңүүчүсү 1 млн рубль алат

Маданият 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Башкортостанда 24-27-август күндөрү "Күмүш Акбузат" эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтөт. Ага Россиянын 10 субъектисинен жана 10 өлкөдөн 48 тасма катышат. Фестивалга катышуу үчүн Россиянын 34 аймагынан жана 28 өлкөдөн билдирүү келип түшкөн.

Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан эки оюн жана эки даректүү тасма ат салышат.

Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы (Россия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун "Аврора", Азамат Шаршеновдун "Жашоо керемет" жана Ибадылла Ажыбаевдин "Мугалим" тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, фестивалдын жеңүүчүсүнө 1 млн рубль берилет.

Пикир

Оставить комментарий