• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Эртең Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар спорттук иш-чара өтөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Эртең, Бишкекте 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар спорттук иш-чара өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Шаардын борбордук бөлүгүндө төмөндү иш-чаралар өткөрүлөт:

Саат 10:00-12:34тө Эмен сейил багында спорттук оюндардын көргөзмөсү өтөт;

Саат 10:00-15:00дө тогуз коргоол;

Саат 10:00-15:00дө улуттук классикалык күрөш;

Саат 11:07де салттуу ушу (салттуу ушунун ар кандай стилдерин көрсөтүү: Сонси Цюань, Түштүк муштум, Узун муштум, Тай Чи Цюань, Багуа, Синьйи, Шаолин Цюань);

Саат 11:25-11:55те айкидо мелдеши;

Саат 11:55-12:35те армрестлинг мелдеши;

Саат 12:35-13:20да шахмат мелдеши;

Саат 10:20-10:30да көркөм гимнастика;

Саат 10:20-10:30да топ менен бий;

Саат 10:33тө топ менен көнүгүү.

Саат 10:36да обруч менен бий;

Саат 10:20да Олимпиадалык таэквондо боюнча 10-15 мүнөткө созулган көрсөтмө.

Пикир

Оставить комментарий