• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Окуучу хайп үчүн Бишкектеги мектептердин биринде теракт жасоону убадалаган

Коом 0


Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Милиция кызматкерлери тарабынан хайп үчүн Бишкектеги №49 мектепке массалык теракт жасоону убадалаган кайрылуусун социалдык тармакка жарыялаган борбордогу мектептердин биринин 7-классынын окуучусу аныкталды.

“Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, билдирүүсүндө өспүрүм бычагы, Макаров маркасындагы тапанчасы жана 34 даана түтүк бомбасы бар экенин айткан. “Мен баарын бирден өлтүрөм”, - деп жазган окуучу.

Аталган факт Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

“Окуучу бул кылыгын жаңы катталуучуларды тартуу жана хайп жасоо үчүн жасаганын билдирген”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий