• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркияда Айтматов атындагы китепканаларды ачкан жазуучу менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жазуучу, журналист Харун Челик менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев Харун Челикке Кыргызстанга жана кыргыз элине көрсөтүп келген колдоосу, Түркияда Чыңгыз Айтматовду таанытып, анын атындагы китепканаларды ачканы үчүн ыраазычылык белгисин тапшырды.

Өз кезегинде журналист Харун Челик Чыңгыз Айтматовдун китептери анын Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон cүйүүсүн ойготконун билдирди.

Мындан тышкары, Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы кыргыз жарандардын укуктарын коргоо боюнча маселелерге маектешинин көңүлүн буруп, жазуучу жана журналист катары түрк тарапка кыргыз жарандарды жумушка орноштурууда мыйзамдуу жолдор менен иштөө жаатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун акырында жазуучу Харун Челик элчи Кубанычбек Өмүралиевдин сунуштарын колдоп, стринг-арт техникасы менен жасалган Мустафа Кемал Ататүрктүн портретин белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий