• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Салык кызматы 3 миң кутудан ашык контрафактык тамекини тартып алды

Коом 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Бишкек жана Токмок шаарларынан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 3 миң кутудан ашык тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы акциздик маркаларсыз алкоголдук же тамеки продукцияларын өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды жасалмалоо жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салууга алып келерин эскертет.

Мында ири өлчөмдө жасалган жогорудагы жосундар 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Ушуга байланыштуу Салык кызматы ишкерлерге тамеки же алкоголдук продукцияны акциздик маркаларсыз сатпоону, ошондой эле акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерүүнү сунуштайт.

Салык кызматы 11 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 228 миң 312 куту тамекини тартып алды

Пикир

Оставить комментарий