Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Эртең, 24-сентябрда Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Ак-Жар" жана "Ак-Бата" суу кампаларында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 24-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин "Ак-Жар", "Ак-Бата" жана "Келечек" конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.
Ошондой эле №43 мектеп жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу токтотулат.
Пикир
Оставить комментарий