Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Эртең, 15-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
"Бишкексууканалы" ишканасынын билдиргенине караганда, суу берүү саат 9:00дөн 19:00гө чейин Орозбеков-Абдумомунов-Эркиндик-Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана
төмөнкү райондордо жок болот.
- Россия соода өкүлчүлүгү;
- “Москва” соода борбору;
- Германия элчилиги;
- Япония элчилиги;
- Раззаков 43 дарегинде жайгашкан медборбору;
- Мамархив, №3 Лицей;
- Арабаев атындагы окуу жайында;
- Айыл-чарба жана өнөр-жай министрлигинде;
- Тарых музейи;
- Маданият, маалымат жана турзим министрлигинде суу убактылуу жок болот.
Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.
Пикир
Оставить комментарий