• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болгон 3 адамдын өздүгү такталды

Коом 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолунун 134-чакырымында жол кырсыгынан каза болгон үч адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алар - 1992-ж.т. Т.Н., 1994-ж.т. А.Э., жана 1992-ж.т. У.К. аттуу жарандар.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-ноябрда болжол менен саат 08:03 чамасында Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай калып, жол боюндагы даракты сүзгөн. Анын кесепетинен үч эркек адам каза болгоню Окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгондорду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий