Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 22-майда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Тунгуч кичирайону, Рухий Мурас жана 44 га конуштарында суу берүү токтотулат.

Суу "Сельский" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий