• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бир күндө 3 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 14.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 12-декабрда Бишкекте 3011 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эреже бузуулардын басымдуу бөлүгү 1499у - кесилиштерден өтүү, кууп өтүү жана манёвр жасоо, каршы тилкеге чыгуу, жол эреже белгилерин, аялдама жана унаа токтотуу эрежелерин сактанбоо боюнча болуп саналат.

Андан соң:

- Коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу - 568;
- Унаа башкаруу учурунда айдоочунун жабдуу аркылуу сүйлөшүүсү– 562;
- Жогорку ылдамдыкта айдоо– 239;
- Жалган мамлекеттик номерлүү унаа каражаттарын башкаруу – 37;
- Мас абалында унаа башкаруу –34;
- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 25;
- Унаанын мамлекеттик номерин өз алдынча чечип алып айдоо – 24;
- Документтери жок унаа башкаруу – 23;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 155 унаа токтотулган. Бул иш-чараны өткөрүү үчүн Чүй облустук жана борбор калаанын ЖКККББ Борбордук аппаратынын кызматкерлери тартылган.

Пикир

Оставить комментарий