Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым конуштарында убактылуу суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында 5-ноябрда тарта саат 9:00дөн 17:00гө чейин суу болбойт.
Суу "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Пикир
Оставить комментарий