• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 17-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин Алыкулов көчөсү - ЧЧК - Ала-Арча суусу - Лев Толстой көчөсү, Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) - ЧЧК менен чектешкен аймакта, ошондой эле Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер, 110-квартал конушу, Достук кичирайонунда суу өчүрүлөт.

Суу “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий