• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бажы кызматкери сумо күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Япониянын Токио шаарында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов сумо күрөшү боюнча Азия чемпионатында 115 килограммдан жогорку салмакта күмүш байгеге ээ болду.

Ведомстводон билдиришкендей, Азиянын 8 өлкөсүнүн арасындагы командалык биринчиликте Алмаз Эргешов Кыргызстандын курамасында да күч сынашып, Иран жана Тайбэй (Тайвань) командаларын жеңип, финалга чыгып, Япония курамасы менен беттешти. Сумонун негиздөөчүлөрүнөн утулуп, Кыргызстандын командасы экинчи орунду ээледи жана чемпионатта күмүш байгеге ээ болду. Жалпы эсепте Алмаз Эргешов эки күмүш медаль тагынды.

Алмаз Эргешов республикалык жана эл аралык сынактарга байма-бай катышып келет. Ал сумо күрөшү боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азиянын үч жолку жана көптөгөн эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын ээси.

Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы Алмаз Эргешовду дүйнөлүк аренадагы жетишкен ийгиликтери менен куттуктайт.

Пикир

Оставить комментарий