• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте кулатуу эртаймаш боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 12.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте кулатуу эртаймаш боюнча WEF 39 Global 9 эл аралык турнири жыйынтыкталды. Бул тууралуу WEF федерациясы билдирди.

Мелдештерге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын спортчулары катышты. 17 беттеш, анын ичинде WEF Global чемпиондук куру үчүн үч таймаш өттү.

Титулдук таймаштарда Ариет Бекишов (КР) менен Рустам Сайдуллаев (РК), Азиз Сатыбалдиев (КР) менен Даулет Кенжебек (РК), Алманбет Нуралиев (КР) менен Нурсултан Рузибоев (Өзбекстан) беттешти. Жеңишке Бекишов, Сатыбалдиев жана Рузибоев жетишкен.

Мындан тышкары өз салмак категорияларында Сагындык Муханов (РК), Шахзод Сабиров (Өзбекстан), Мурат Хантураев (Өзбекстан), Шарип уулу Белек, Бакыт Тойчиев, Майрамбек Эртабылдиев, Кылыч Садридинов, Садыкуулу Рыскелди, Рамазан Могуев беттешке чыгышты. Ошондой эле, Казим Жахангиров, Муса Юсупов жана Дуйшобай уулу Бакытбек (баары КРдан) айырмалана алышты. Эки таймаш тең-тең бүттү.

Пикир

Оставить комментарий