Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/ Эртең, 13-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү "Батыш-2" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

  • Ала-Арча дарыясы - Жибек Жолу проспектиси- темир жол линиясы-Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары-темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;
  • Д.Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий