• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ташталган дагы бир ымыркай табылды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкекте кайрадан ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.

“Кабар” агенттигине Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 19-ноябрда саат 22:45тер чамасында 102 кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан желим баштыкка салынган ымыркай тапбылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда ымыркай (эркек бала) ооруканада, баланын абалын төрөт үйүнүн кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Учурда баланын апасын аныктоо боюнча тергөө жана оперативдик-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылган.

Пикир

Оставить комментарий