• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочулар өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 5 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 5 медаль жеңди. Анын ичинде бир алтын бир күмүш жана үч коло.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 16-19-ноябрь күндөрү өткөн.

Кыздар арасында 57 кг чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, +70 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Балдар арасында 55 кг чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 кг чейинки салмак категориясында Арсен Анарбеков жана 90 кг чейинки салмакта Даут Полтушев коло медалдарга ээ болушту.

Жалпы командалык эсеп боюнча ата-мекендик спортчулар 5-орунду ээлешти.

Пикир

Оставить комментарий