• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Садыр Жапаров Япониянын тышкы соода уюмунун башкаруучусу менен кызматташтыкты талкуулады

Президент 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн реалдуу практикалык кадамдар жасалып жатканын белгилеп, Япониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Бул контекстте Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп, Кыргызстанга салынып жаткан инвестициялардын корголушуна кепилдик берерин баса белгиледи.

Ал өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири - маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө басым жасады.

Президент Садыр Жапаров бул жагынан алганда өлкө дайыма суроо-талапка ээ боло турган жогорку потенциалга ээ экенин жана келечекте санариптик экономиканы алга жылдырууга, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун жана инфраструктуранын сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи. Кыргыз тарап IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар.

Өз кезегинде JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро президент Садыр Жапаровго жеке жолугуп, келечектүү долбоорлорду талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстанда абдан чоң потенциал бар экенин жана япон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, буга байланыштуу кызыгууну өз ара кызыкчылык туудурган конкреттүү сунуштар менен толтуруу зарыл экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Норихико Ишигуро бул жолугушуу кыргыз-япон кызматташтыгынын алкагында ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий