• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Египеттеги мелдешти Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы жеңиш менен баштады

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделтти 11:0 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий