Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. "Бишкексууканал" ишканасы суу түтүктөрүн жана суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 23-сентябрда шаардын айрым жерлеринде ысык сууну убактылуу өчүрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, 23-сентябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Д.Сяопин, Профсоюз, П. Лумумба жана Кустанай менен чектелген көчөлөрдө ысык суу өчүрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий