Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Эртең, 31-июлда Курман айт майрамына байланыштуу кыргызстандыктар эс алышат.
Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, быйыл курмандык чалуу майрамы жума күнүнө туура келет. “Эмгек кодексине ылайык, 31-июль күнү эс алуу күнү деп жарыяланган. Мындан тышкары, бүгүнкү жумуш күнүнүн узактыгы 1 саатка кыскартылды”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий