• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эртеңден баштап 20:00дөн 07:00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат - Орозалиев

Коом 0


Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Эртеңден баштап 20:00дөн 07:00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу КРнын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, шаарда жүргөндөр эртеңкиге чейин үйлөрүнө барышы керек. "Эртеңден баштап, тактап айтканда 25-марттан 20:00дөн 7ге чейин көчөдө жүргөнгө тыюу салынат. Шаарда жүргөндөр эртеңкиге чейин Бишкектен чыгып, үйлөрүнө барыш керек", - дейт ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий